Беловодское айылындагы интернатта баланын сабалышын милиция иликтейт
Чүй облусунун Москва райондук ички иштер органдары Беловодское айылындагы интернатта сабалган бала боюнча иште иликтейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, укук коргоо органдары 2011-жылы туулган балага зомбулук мамиле кылынганы боюнча фактыны тергейт.
"Ички иликтөө болуп, комиссия тарабынан баланын денесинен көкала тактар аныкталган. Балдардын тобу менен иштеген кызматкерлерге өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык чаралар көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар аталган ишти кароо үчүн министрлик тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү дагы тартылды.
Ссылка: https://barometr.kg/belovodskoe-ajylyndagy-internatta-balanyn-sabalyshyn-miliciya-iliktejt
Добавить комментарий ×