Белогорка капчыгайындагы Акпай көлү деңгээлине ашып, каптап кетүү коркунучунда турат
Бөлүшүү:
Чүй областынын Сокулук районунун Төш-Булак айлындагы Белогорка капчыгайында жайгашкан Акпай көлү ташкындап кетүү коркунучунда турат.Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Жагдайды жеринен карап чыгыш үчүн Чүй областындангы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ аталган аймакка барды. Учурда 8 экскватор, 3 инженердик жабдуу, 1 погрузчик, 4 куткаруучу иш алып барууда.
Азыркы учурда кырсыкты алдын алуу иш-аракеттери жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×