Белгилүү стилист Замира Молдошева эл аралык "Rotary Club" уюмуна жетекчи болуп дайындалды

17 сентябрь 2020 17:44 1860 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы кеңсесине башчы болуп дайындалды. Бул тууралуу Молдошеванын жакын санаалашы, алып баруучу Нурзат Токтосунованын соц тармактагы баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Замира Молдошева "Rotary Club" уюмуна бир жылдык мөөнөткө жетекчи болуп дайындалды.

"Сизди жаңы кызматыңыз менен куттуктайм. Буга чейин эле бир канча долбоорлорду ишке ашырып келгенсиз. Эми жасаган кайрымдуулук иштериңиз эки эселеп көбөйөт деп ишенемин", -деген куттуктоосун калтырган алып баруучу.

"Rotary Club" деп аталган уюм Бишкекте 1999-жылдан бери иш алып барат.

Аталган уюм дүйнөдө  биринчилерден болуп 1905-жылы негизделген. Ири гуманитардык уюмдун дүйнө жүзү боюнча 33 миң клубу бар.

“Бул глобалдык уюмдун мүчөлөрү- бизнес өкүлдөрү жан ар кайсы чөйрөдөн келген кесипкөй инсандар. Алар социалдык долбоорлорго ыктыярдуу катышып, жеке убактысын жана талантын коомчулукка кызмат кылууга арнаган заманыбыздын лидерлери”, -деп айтылат маалыматта.

Кайрымдуулук уюм социалдык иш-чараларга катышышат, жакырчылык жана ачкачылык, айлана-чөйрөнү коргоо, сабатсыздык жана зордук-зомбулук сыяктуу маанилүү тармактарда гуманитардык жардам көрсөтүшөт. Ошондой эле, алар жаштарга багытталган билим берүү долбоорлорун колдошот, студенттерди, мектеп окуучуларын, жаш мугалимдерди жана башка кесипкөйлөрдү кесиптик жактан өркүндөтүү үчүн окутууга жана эл аралык деңгээлде билимин жогорулатууга жардам беришет.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-stilist-zamira-moldosheva-el-aralyk-rotary-club-uyumuna-zhetekchi-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий