Белгилүү режиссёр Бакыт Карагулов дүйнө салды
Белгилүү режиссёр Бакыт Карагулов дүйнө салды. Бул тууралуу маалыматты Садык Шер-Ниязга шилтеме берип «Барометр» билдирет.
«Жаркылдаган киши элеңиз, сиз менен баарлашып олтуруу бир керемет эле. Кайсыл тема болбосун каалагандай калчап берер элеңиз. Тамашаңыз элде жок, чукугандай сөз таап, бирок сиздин тамашаңыз эч кимди таарынтпас эле. Мен сизге дайым суктанчымын. Сиздин учкул сөздөрүңүздү жаттап алып башкаларга айтып берип жатканда баары бир сиздей айта албасымды сезип турчумун. Сиз тарткан “Бороондуу бекет” дагы канчалаган чыгармаларыңыз калды артыңызда. Эркелеп доор сүрдүңүз», - дейт Садык Шер-Нияз.
Маалыматка ылайык, режиссер үч күн мурун жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп ооруканага түшкөн.
Карагулов 1950-жылы 12-августта Талас облусунда төрөлгөн. Ал режиссер катары "Куш өмүр" ("Бетме-бет" чыгармасынын негизинде), "Найман эненин ыйы" же "Маңкурт", "Бороондуу бекет" жана башка тасмаларды тарткан. Ага КРдин эл артисти наамы ыйгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/belgil-rezhissyor-bakyt-karagulov-djn-saldy
Добавить комментарий ×