Белгилүү алып баруучу, ди-джей Салтанат Саматова дүйнө салды

15 август 2018 18:40 21680 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү алып баруучу, ди-джей Салтанат Саматова дүйнө салды. Бул тууралуу анын атасы Орозбек Түгөлбаев социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Анда Саматова бүгүн, 15-августта каза болгону айтылат.

“Салтанатым эми жок! Сакинимди жакшы көргөндөр бир эскерип койгула. Жаркылдаган Салтанат Саматова дүйнөдөн өтүп кетти”, - деп жазды атасы.

Айрым маалымат каражаттары Саматованы 2011-жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгенин жазышууда. 1972-жылы 1-мартта Бишкекте туулган Салтанат Саматова болгону 46 жашта болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-alyp-baruuchu-di-dzhej-saltanat-samatova-djn-saldy



Добавить комментарий