Белгилүү актёр Николас Кейдж 4-никеси менен 4 күн жашап кайра ажырашууга арыз жазды

29 март 2019 16:51 1815 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү голливуд актёру Николас Кейдж Эрика Койкага үйлөнгөндөн 4 күндөн кийин кайра никесин бузууга арыз жазган. Бул тууралуу Fox News басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Николас Кейдж никеге туруп жаткан учурда мас болгону айтылууда. Көпчүлүк Кейдж мас болгондуктан үйлөнүп алып эми соолукканда ажырашып жатат деп талкууга алышууда.

Эрика Койка учурда 23 жашта. Ал Кейдж менен 2018-жылдан бери мамиледе болчу.

Белгилей кетсек, бул Николастын 4-никеси болчу. Төртүнчү никеси 4 күнгө созулганы күйөрмандарды чууга салды.

Эске салсак, Николастын 3-жубайы жубайы официант болуп иштеген. Аны менен 2016-жылы ажырашкан. Учурда актёрдун 2 баласы бар.



Ссылка: https://barometr.kg/belgil-aktyor-nikolas-kejdzh-4-nikesi-menen-4-kn-zhashap-kajra-azhyrashuuga-aryz-zhazdy



Добавить комментарий