Бекташ Шамшиев Молдакун Абдылдаев жөнүндө: Көкөмеренге бой урарда эмне ойлодуң экен досум!
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка таянсак, Көкөмерен суусуна кулаган унаадагы адамдардын сөөгү табылды. Алдын ала маалыматтарга караган бул унаада Чүй областындагы өкмөттүн өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү жана айдоочусу менен болгон. Унаа 30-июнда дарыяга түшүп кеткени маалымдалган.
Бул кайгылуу окуяга белгилүү журналист Бекташ Шамшиев эскерүү жазды.
“Бала кезден бирге өскөн, Эки досум бар эле. Соо экенде экөө тең, Ноюбаган жан эле. Кырсык чалып бир күнү, Машинеден кулашты. Бири буттан айрылып, Бири турбас шал болуп, Экөө бирдей сулашты. Досум буттан айрылган, Абалына арданып, Өлүп алды көп өтпөй, Электрди карманып.Экинчиси араңжан, Жатса дагы эч жылбай, Жазмышына бой сунбай. Жашагысы келчү эле, Көз ирмемди миң жылдай. Алдан тайып бир күнү Көз жумулуп баратты, Ошондо да обдулуп, Күндү көргүм келет дейт: Күн чыгышты каратчы. Күлүп туруп жан берди, Карап туруп кайраным. Күлгүн чыгыш тарапты. Жан болбос эч күйүтсүз, Турмуштан алган сабак бул: Жашоо да кыйын үмүтсүз; Өлүү да кыйын үмүтсүз. - Ушул саптарды Разак досум мурда эле жазган экен. Моке досум, Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылып, бирок досумун жалгыз уулунун, жандай көргөн жарынын, мээримин төккөн небересинин сөөгүн таба албай (о Жараткан, муну пенде баласына бербе!) эсибиз ооп турганда арман менен кайгы оюн салып жатканда угуп эсим ооп отурат.Моке, жаным, Көкөмерен кучагына бой урардын алдында не ойлодуң экен досум! Бизди минтип боздотуп кетип каларыңды өзүң деле ойлобосоң керек.Минтип сага арман айтып, жоктоп каларыбызды же биз ойлогон эмес элек. Ажал деген азезил өзүн алар, аялын алар, бирок наристе небересин албас, кыл муруту чыга элек жалгыз уулун албас деп жүрбөдүк беле. Мындай болорун ким билди. Моке досум, азыр Разак экөөбүз ыйлап кайра сооронуп отурабыз. Бизди укчу жан ошо күрпүлдөгөн дарыяны селдейип карап турган бийик тоо менен үн катпас капчыгай гана. Сен өзүң тоодон келип,ошо тоо койнуна шукшурулуп кирип кетериңди ким ойлоптур! А арман дүйнө, ушинтип кетесиңби. Мына эми Мокем жок, Тинатин жок, Жараткандан жалынып атып сурап алган Илимбек жок, небереси, ак көңүл айдоочусу жок. О арман, ушундай да болобу, досуму алсаң уулун калтырбайсыңбы. Аяшымы алсаң небересин калтырбайсыңбы?!”,-деп жазды Бекташ Шамшиев.
Добавить комментарий ×