Бек Борбиев: Маданият министри дааватчы деген чын окшойт

27 ноябрь 2020 11:07 3420 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиев концерттик иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилиши керек экенин айтты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, тарыхта мындай кыйын кырдаалда да элдин көңүлүн көтөрүп, маданий дух бериш үчүн концерттерди өткөрүүгө уруксат берилип келген.

“Ата-Мекендик согуштун убагында дагы концерттик иш-чаралар токтотулган эмес. Маданият министри дааватчы дегендей эле бар окшойт. Болбосо, базарлар , чоң тойканалар иштеп баштаса, биздин таламды талашпайбы”, - деп жазды Борбиев.


Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-madaniyat-ministri-daavatchy-degeni-chyn-okshojt-bolboso-emnege-madanij-ish-charalarga-uruksat-albajt



Добавить комментарий