Бек Борбиев: "экономикаңарды оңдоо менен алек болгонуңар дурус"

25 март 2019 08:50 2580 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Бек Борбиев өзунүн фейсбуктагы баракчасынан актуалдуу темаларга өз оюн айтып, айрым учурларда сынга да алып келет. Бул жолу ырчы өзүнүн фейсбуктагы баракчасына коңшулаш казак элинде болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр тууралуу жазып чыкты.

Бек Борбиев постуна:

“Бир казак досум: Коңшу элдин саясатын талкуулап сындап алган бул коңшулукка жатпайт. Ишиң эмне деп койсок уят болуп каласыңар. Деги эле, оозунан «чимкирик» чачырап атса деле, тура калып кол чаап аткан бир тууган эл силерсиңер. Биздин саясатты эмне кыласыңар, канча жылдар артта калган экономикаңарды оңдоо менен алек болгонуңар дурус, - дейт. Мен унчуккан жокмун”,- деп жазып окурмандарын ойго салды.

Көпчүлүк "аларды да түшүнсө болот" деген ойлорун айтышса, башкалар "буларга эмне болгон?" деп таң калгандарын жашырышкан жок.

Эске салсак, 2019-жылдын 20-мартында Казакстандын президенти алмашкан. Бул саясий өзгөрүү интернетке дүрбөлөң салган. 

Ал эми 18 мартта Кыргызстандын экс-президентти Алмазбек Атамбаев парламентти "чимкирик" менен салыштырган.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-ekonomikaardy-odoo-menen-alek-bolgonuar-durus



Добавить комментарий