Бейөкмөт уюмдар каржы булактарын көрсөтсүн деген өзгөртүүнү жүз депутат колдоду
Жогорку Кеңештин депутаттары бейөкмөт уюмдар каржы булактарын милдеттүү түрдө көрсөтсүн деген мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда колдоду. Добуш берген депутаттардын тизмеси жарыяланды.
Анда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү 100 депутат колдосо, 9 депутат каршы экенин билдирген. Каршы болгон депутаттар: Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев, Адыл Жунус уулу, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Асел Кодуранова, Аида Касымалиева, Каныбек Иманалиев.
Эске салсак, буга чейин депутат Бактыбек Райымкулов “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн. Анда эл өкүлү Кыргызстандын аймагында ишмердигин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдарды каржы булагы кайдан келип жатканын милдеттүү түрдө ачыкка чыгаруу керектиги сунушталып жатканын маалымдаган.
Эске салсак, аталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү буга чейин да көтөрүлүп, бирок Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес.
Өз кезегинде бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоору алардын ишине тоскоолдук кылууга багытталганын айтып чыгышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bejkmt-uyumdar-karzhy-bulaktaryn-krstsn-degen-zgrtn-zhz-deputat-koldodu
Добавить комментарий ×