Бажыдан миллиондогон долларларды сапырды деп айыпталган Райымбек Матраимов баарына жооп берүүгө даяр
Кыргызстандын Бажысынан мыйзамсыз чыгалырып кеткен миллиондогон долларлар боюнча башкы шектүү катары айтылып жаткан Райымбек Матраимов үн катты.
Бажы кызматынын башчысынгын мурдагы орун басары “Раим миллион” Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал боюнча билдирүүсүн анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн facebook баракчасына жарыялады.
Искендер Матраимов: “Эмнеге иниңиз дарегине айтылып жаткан айыптоолорго жооп бербейт?”, - деп жеке кат жазгандар болду. Бүгүн ал өзүнүн пикирин айтты”, - деп билдирүү калтырып, Райымбек Матраимовдун кайрылуусун жарыялаган. Анда мындпай айтылат:
Урматтуу замандаштар!
Өзүңүздөр көрүп тургандай, акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясий топтор мени каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келди. Мунун баарына качандыр бир чекит коюлат деп ойлоп жүргөм. Бирок акыркы жети ай ичинде бул каралоо акциясы башка деңгээлге чыкты. Айрым журналисттер ошол саясий топтордун куралына айланып, кечээ мени өлкөдөгү бардык экономикалык проблемалардын себеби катары сыпатташса, бүгүн ойго келбес, кечирилгис кылмыштарды мага шылтап, жалган жалаа жабууга өтүштү.
Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечиминен соң өз каалоом менен Бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясий топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат.
А мен тууралуу “Азаттык” айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам.
Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүүнү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын, - деп жазылат Райымбек Матраимовдун билдирүүсүндө.
Эске сала кетсек, Бажыдан чыгарылган миллиондор тууралуу маалыматтар боюнча “Азаттык” радиосунун, ”Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин биргелешкен кезектеги иликтөөсү жарыкка чыкты. Иликтөөдө Кытайдан чыгарылган жүктөр мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстан аркылуу Өзбекстан, Казакстан, Орусиянын ири базарларына өткөрүлүп турганы айтылган. Бул аткезчилик иштер Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун түздөн-түз көзөмөлү менен жүзөгө ашып келгени иликтөөдө айтылган.
Эки апта мурда Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык уйгур ишкери Айеркен Саймаити Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу маалыматтарды журналисттерге өзү айтып берген.
Добавить комментарий ×