Бажы кызматынын төрагасы чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнү Казакстанга учуп кетти

4 апрель 2019 17:20 1323 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Онолбеков Казакстанга кыргыз-казак чек арасында жүк унааларынын кармалып туруусу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнү учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастан Джумабеков билдирди.

Ошондой эле өткөрүү пунктундагы абал боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары сүйлөшүү жүргүздү. 

Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасында коңшу мамлекет жүк унааларын текшерүүгө кошумча көзөмөл киргизген. Буга байланыштуу «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинде 200дөн ашык жүк унаалары топтолду.

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында бир катар депутаттар спикерге жоопкерчиликти алып Казакстанга түзүлгөн кырдаалды чечиш үчүн учуп барууну сунушташкан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-kyzmatynyn-tragasy-chek-ara-boyuncha-sjlsh-zhrgzgn-kazakstanga-uchup-ketti



Добавить комментарий