Базар-Коргондо онлайн сабакка катышпаган 11 өспүрүм аныкталып, эскертилди
Базар-Коргондо милиция кызматкерлери 12 соода борборунда, базарда рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте онлайн сабактарга катышпастан, эмгектенип жүргөн окуучуларды аныктоо максатында рейд жүргүзүштү.
Рейддин алкагында район аймагында жайгашкан борбордук базар, 12 соода борбору текшерүүгө алынды. Анын натыйжасында 11 жашы жете элек өспүрүм, сабактарга катышпай соода-сатык менен алектенип жүрүшкөн фактылары аныкталды. Бул өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучуларды сабактардан калтырбоо керектиги эскертилди. Аталган фактылар боюнча материалдар топтолуп, райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жашы жете электер менен иштөө комиссиясынын кароосуна тийиштүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgondo-onlajn-sabakka-katyshpagan-11-sprm-anyktalyp-eskertildi
Добавить комментарий ×