Базар-Коргондо сел жүрдү
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2020-жылдын 5-апрелден 6-апрелге караган түнү жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, Могол айыл аймагындагы Базар-Коргон–Арсланбап унаа жолунун 44-45-чакырым аралыктарын жана Улаачы тилкесинде 3 турак үйдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сз кызматы билдирди.
Жерине КР ӨКМнин Базар-Коргон райондук бөлүм башчысы жана №50 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, айыл аймак тарабынан 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып, тазалоо иш-чаралары саат 11:40та толугу менен бүткөрүлүп, жол толугу менен ачылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgonarslanbap-unaa-zholunda-sel-zhrd
Добавить комментарий ×