Батуттарга, ижарага берилген велосипед жайлары жана жайма базарларга иштөөгө тыюу салынды

17 июнь 2020 13:35 1492 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жаш балдар ойногон батуттарга, ижарага берилген велосипед жайлары жана жайма базарларга иштөөгө тыюу салынды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Мындай чектөө иштери учурдагы эпидемиологиялык кооптуулуктан улам киргизилүүдө. Абал турукташкан учурда гана кайра иштөөгө уруксат берилет.

Жогорудагы эрежелер бузулса, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин негизинде 3 000 сом айып пул салынат. Ал эми юридикалык жактарга 13 000 сом.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 562 учурга жетти. Стационарда – 631, алардын ичинен реанимацияда – 6, ооруканадан чыгарылды – 1 901, каза тапты – 30.

Ссылка: https://barometr.kg/batuttarga-izharaga-berilgen-velosiped-zhajlary-zhana-zhajma-bazarlarga-ishtg-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий