Батукаевдин иши боюнча экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кармалды

21 май 2019 20:51 3310 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 21-майда  кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында КРнын экс-вице-премьер-министри Шамиль Атаханов кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынды. КРнын Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Атаханов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/batukaevdin-ishi-boyuncha-eks-vice-premer-ministr-shamil-atahanov-karmaldy



Добавить комментарий