Баткенге жаңы өрт өчүрүүчү унаалар алынып келинди

14 март 2023 12:06 702 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенге жаңы өрт өчүрүүчү унаалар алынып келинди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 14-мартта  ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө 10 "HOWO", 4 "KAMAZ"  өрт өчүрүүчү авто унаа жана 1 "HOWO"  авариялык-куткаруу унаасы тапшырылды.

“Заманбап өрт өчүрүүчү жаңы авто унааларды тапшыруу аземине  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, жаңы унаалар атайын машыгууларда гана кызмат көрсөтүшүнө жана ӨКМдин кызматкерлеринин мыкты кызмат өтөөсүнө тилектештигин билдирди.

Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алып келинген техникалар алдыдагы күндөрү облус элине кызмат көрсөтө баштайт”, -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөн жылы да 4 өрт өчүрүүчү авто унаа жана жүргүнчүлөр үчүн 6 автобус алып келинген.


Ссылка: https://barometr.kg/batkenge-zhay-rt-chrch-unaalar-alynyp-kelindi



Добавить комментарий