Баткендеги 3 метр тереңдикте көмүлгөн унаа кылмыштуу топко тиешелүү болгон

25 октябрь 2018 10:05 1177 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Баткендеги 3 метр тереңдикте көмүлгөн унаа кылмыштуу топко тиешелүү болгон. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Баткен облусунда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында колунда бар адамдарды курал колдонуп тоноп жүргөн терроризмге байланышы бар топтун мүчөлөрү карактоо иштерин кылып жүрүшкөн. Бул топ Сирия жана Ирактын согуштук аймактарында согушуп жүргөндөрдү материалдык жана техникалык жактан камсыздоо максатында тоноо иштерин жасашкан.  Аталган топ контрабандалык жол менен алынып келинген Ош тургунун 1 миллион 300миң сомун дагы карактап кетишкен. Ал эми көмүлгөн унаа 2015-жылы болгон кылмышка тиешелүү деп билдиришти УКМК. Учурда бул иш тууралуу иликтөө иштери уланууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-3-metr-teredikte-kmlgn-unaa-kylmyshtuu-topko-tieshel-bolgon



Добавить комментарий