Баткенде санитардык нормаларды сактабаган коомдук тамактануучу жайлар жабылды

17 сентябрь 2020 15:21 1528 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунда жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттор, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды.  Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Буга чейин  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды”, -деп айтылат маалыматта.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14  протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-sanitardyk-normalardy-saktabagan-koomduk-tamaktanuuchu-zhajlar-zhabyldy



Добавить комментарий