Баткенде өрттөлүп, талкаланган үйлөр түрттүрүлө баштады
Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан өрттөлүп, талкаланып, жараксыз абалга келген үйлөр түрттүрүлө баштады. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлектин Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарына караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрдүн өздүк курамы тартылган.
"Учурда алар 26-сентябрдан тарта кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдү бузуп, тазалап жатышат", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-rttlp-talkalangan-jlr-trttrl-bashtady
Добавить комментарий ×