Баткенде ооруканадан качкан бейтап коронавирустан каза болду

9 июль 2020 12:43 1579 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде коронавирус менен ооруп жаткан бейтап ооруканадан качып кетип каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусттук бириккен ооруканасынан 6-июлдан 7-июлга караган түнү качып кеткен бейтап 1964 жылы туулган Б.Ш. аттуу жаран болгон. Ал оорунун кесепетинен 8-июлда каза болду.

Ооруканадан качып кеткен бейтапты издеп дарыгерлер жана милиция кызматы анын үйүнө издеп барышкан. Бейтап дарылануудан баш тартып, анын үй-бүлөсү обочолонгон.

«Б.Ш. атту жаран облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмөнүн качып кеткен. Маркум 2-июлда Бишкектен келген жана анын анализинен коронавирус аныкталган. Ошол эле күнү ооруканага жаткырылган, ал эми 7-июль түнү өзгөчө абал режимин бузуп, илдеттен толук айыкпастан качып кеткен. Факт Баткен шаардык ИИБне Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 127-1 беренеси боюнча катталган», — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-oorukanadan-kachkan-bejtap-koronavirustan-kaza-boldu



Добавить комментарий