Баткенде контрабанда жолу менен тамеки ташып бара жаткандар кармалды
Бөлүшүү:
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда УКМКнын кызматкерлери Тажикстанга контрабанда жолу менен тамеки ташып бара жаткандарды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалыматты камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, «Хонда Степвагон» жана «Тойота Эстима» унааларын текшерүү маалында белгилүү компанияга тиешелүү 40 миң куту тамеки табылган. Анын жалпы суммасы 1 миллион 556 миң 602 сомду түздү.
Аталган факт боюнча иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kontrabanda-zholu-menen-tameki-tashyp-bara-zhatkandar-karmaldy
Добавить комментарий ×