Баткенде көчмө кабылдамалар түшүндүрүү иштерин алып барууда
Баткен районунун Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чек аралаш аймактарды милициянын көчмө кабылдамасы менен аралап жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал министрлигинен кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүп, айыл аймактарга кирген автоунааларга дезинфекциялык иштерди жандандырууда.
Кара-Бак айыл аймагы коңшулаш Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан, Багыстан айылдары менен чектешет.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kchm-kabyldama-tshndr-ishterin-alyp-baruuda
Добавить комментарий ×