Баткенде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө
Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ИИБдин өздүк курамы тартылып, күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Облустун жалпы аймагында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилген.Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында санитардык-карантиндик посттор коюлуп, күнү-түнү ички иштер органдары саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.
"Коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Калктын коопсуздугун камсыздоо жана аталган илдеттин жайылышына жол бербөө максатында жер-жерлерде ыкчам чаралар көрүлүүдө. Шаардын көчөлөрүндө, райондордун борборлорунда жана башка калк жыш жайгашкан жерлерде милиция кызматкерлери үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу коопсуздук чараларын аткаруунун зарылдыгы жөнүндө калкка маалымдоодо", - деп айтылат маалыматта.
Укук коргоо органдары ошондой эле, элге зарыл болбогон учурда көчөгө чыкпоого, калк жыш жайгашкан жерлерге барбоого жана коргоочу бет каптарды кийүү менен аралыкты сактоого үндөп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-iimdin-kyzmatkerleri-kchtlgn-tartipte-kyzmatyn-tshd
Добавить комментарий ×