Баткенде дарыяга агып кеткен 10 жашар баланы 50гө жакын адам издеп жатат

13 июль 2022 14:38 1429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткендин Исфайрам дарыясына 10 жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" маалымдайт.

Маалым болгондрй, кырсык кечээ, 12-июль күнү саат 20:40та Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кереге -Таш айылында болгон.

"Исфайрам дарыясына 10 жаштагы Т.А. аттуу бала агып кеткендиги тууралуу маалымат куткаруу кызматына келип түшкөн.

Куткаруу иштерине аймактагы №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4, №75 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу тартылып, жергиликтүү эл менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Кеч киргендигине байланыштуу, издөө иштери бүгүн, 13-июль күнү саат 07:30да кайрадан улантылып, Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 7 куткаруучу жана Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнөн 18 кызматкер, жергиликтүү элден 20 жаран тартылды", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-daryyaga-agyp-ketken-10-zhashar-balany-50g-zhakyn-adam-izdep-zhatat



Добавить комментарий