Баткенде баңгизат ташыган тажик жараны кармалды (Сүрөт)

9 сентябрь 2020 11:35 683 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды ташуу менен алектенген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Тажикистандан Кыргызстанга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен ташыган улуттар аралык уюшкан топту аныктоо жана аны жоюу боюнча атайын операциясы  жүргүзүлгөн.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам кызматкерлер Баткен облусунун “Арка” айылынын чек арага чектеш аймагында жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда Тажикистан Республикасынын 1982-жылы туулган жараны Ю.Х.  кармалган. Анын автоунаасына кароо жүргүзүү учурунда уксус ангидридик кескин жыты бар таңгакталган каражаттар табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, жогорудагы табылып алынган каражат героин баңгизаты экендиги аныкталды. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүрткөн 2 килограмм 600 грамм салмактагы герион алынды.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-bagizat-tashygan-tazhik-zharany-karmaldy-srt



Добавить комментарий