Баткенде аял уксус ичип каза болду. Буга күйөөсү күнөөлөнүп жатат

1 ноябрь 2018 13:35 1462 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун тургуну аялын өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиргени үчүн 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул чечим КРнын Жогорку сотунун расмий сайтына жарыяланды.

Кадамжайдын Адолат аттуу тургуну жергиликтүү ооруканалардын бирине уксус ичкен себептүү оор абалда реанимация бөлүмүнө түшкөн. Абалы оор болгондуктан келин жеринен каза болгон.

Милиция маркумдун өзүнө кол салуусуна күйөөсү жеткиргенин аныктады. Иликтөөнүн жүрүшүндө аялды күйөөсү дайыма ур-токмокко алып, мазактап, үйдөн чыгарбай эркиндигин чектеп келгени айтылат. Күйөөсү тарабынан ага телефон колдонууга дагы тыюу салынган. Бул чектөөлөргө чыдабаган келин уксус ичүүгө мажбур болгон.
Бирок маркумдун жолдошу Маджит коюлган күнөөлөрдү моюндаган эмес. Ал муну аялы өз ишин так аткарбай, кайненеси менен пикири келишпей, аны укпай өз билгенин жасаганы менен түшүндүргөн.
Бирок, кыска кийинип, жоолук оронбогону ага жакпаганын моюнуна алган.

Жыйынтыгында маркумдун жолдошу 5 жылга эркинен ажыратылды.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-ayal-uksus-ichip-kaza-boldu-buga-kjs-knlnp-zhatat



Добавить комментарий