Баткенде айдоочу рулду башкара албай унаа сайга түшүп кетти. Айдоочу каза болуп калды

17 сентябрь 2018 16:00 895 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде "Фольксваген Гольф 2" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 16-сентябрда саат 11:13 төрдө болгон. Кырсыктын кесепетинен 1953-жылы туулган А.У. аттуу айдоочу каза болгон. 

КР ӨКМнин РӨКОнун №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-ajdoochu-ruldu-bashkara-albaj-unaa-sajga-tshp-ketti-ajdoochu-kaza-bolup-kaldy



Добавить комментарий