Баткенде айдоочу рулду башкара албай унаа сайга түшүп кетти. Айдоочу каза болуп калды
Поделиться в:
Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде "Фольксваген Гольф 2" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 16-сентябрда саат 11:13 төрдө болгон. Кырсыктын кесепетинен 1953-жылы туулган А.У. аттуу айдоочу каза болгон.
КР ӨКМнин РӨКОнун №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.
Добавить комментарий ×