Баткенде 16 жаштагы кыз үч күндөн бери изделип жатат
Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз болуп жаткан Мадина Мыктыбек кызы дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эске сала кетсек, 16 жаштагы кыз 4-май күнү 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ынтымак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Мадина Мыктыбек кызы үч күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Учурда издөө иштери уланып жатканы маалым болду.
Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү жемпир, астында кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Белгилери: бою 150-160см, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара.
Эгерде, кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылып коюушуңуздарды өтүнөбүз.
Байланыш үчүн телефон номурлар: 03655 (5-02-29); 0704 27 64 16
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-16-zhashtagy-kyz-ch-kndn-beri-izdelip-zhatat
Добавить комментарий ×