Баткендеги чек ара аймактарында абал кандай? Эки тарап сүйлөштү
Кечээ, 4-июнда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Облус башчылары Баткен жана Согдинин чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо, буга чейин эки тараптын макулдашуусу менен чек арадагы элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштү. Эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө жана жайгаштырбоого макулдашышты.
Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан Баткен-Исфара, Лейлек-Гафуров райондорунун акимдери жолугушту”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте, чыр чатактардын алдын алуу,чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда.
5-июнга карата Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч, күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, абалды көзөмөлдөөдө.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-tazhikstan-chek-ara-ajmaktarynda-abal-kandaj-eki-tarap-sjlsht
Добавить комментарий ×