Башына мискей кийип алган киши ресторанда чатак чыгарды
Бөлүшүү:
Украинанын Харьков шаарында башына мискей кийип алган киши Француз бульварындагы Mcdonald's ресторанындагы жайкы орундуктарды талкалай баштаганда кармалды. Бул тууралуу "ХС | Харьков" телеграм-каналына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
“Эркек киши өзүн абдан жаман абалда алып жүрдү”,-деп билдиришти окуянын күбөлөрү.
Окуя 26-июнда болгон. Жаңжал салган киши эмне үчүн башына мискей кийип алганы жана ресторан ага эмнеси менен жакпай калганы көпчүлүктү кызыктырууда.
Жаңжалчыны полиция кармап кетти.
Ссылка: https://barometr.kg/bashyna-miskej-kijip-algan-kishi-restoranda-chatak-chygardy
Добавить комментарий ×