Башпрокурор Саймаити боюнча иликтөөгө укуктуу баа бериши керек. Расмий кайрылуу

22 ноябрь 2019 16:57 1709 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутат Мирлан Жеенчороев «Азаттык» жана  «Kloop.kg» маалымат булактарынын иликтөөсүнө укуктук баа берүүнү талап кылууда.

Жеенчороев бул боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго расмий кайрылуу жолдоду. Анда резонанстуу журналисттик иликтөөгө укуктук баа берүү талабы айтылган.

Эскерте кетсек, Кытай жараны, уйгур тектүү Айэркен Саймаити, Кыргызстандан чыгарылган миллиодор боюнча “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин биргелешкен кезектеги иликтөөсү кечээ жарыкка чыкты. Бул коомчулукта резона́нс жаратты.

Иликтөөнүн соңку чыгарылышында Кыргызстандын бажы тармагындагы мурдагы чоңдордун катышы жана көмүскө жүк ташуу системасынан бажы кызматына эбегейсиз көлөмдө пара акча агылып турганы көрсөтүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/bashprokuror-sajmaiti-boyuncha-iliktg-ukuktuu-baa-berishi-kerek-rasmij-kajryluu



Добавить комментарий