Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Гуревичтин билдирүүсү боюнча карала турган жыйынга келген жок

11 сентябрь 2018 20:40 1904 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-сентябрда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Евгений Гуревичтин "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча маалымат берүүгө Жогорку Кеңештин комитет жыйынына келген жок. Ал эми прокурордун жыйынга келбей койгондугуна депутаттар нааразы болушту. Комитет төрайымы Наталья Никитенко башкы прокурор өзү жок болгондуктан бул маселени кийинкиге жылдырууну сунуштады. Ал эми депутат Мирлан Жээнчоров мындай резонанс жараткан окуя боюнча бышкы прокурор милдеттүү түрдө жыйынга келиш керек экендигин билдирди. Натыйжада жыйын башкы прокурордун катышуусу менен кийинкиге калтырылды.   

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштаганын кабарлаган.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-tkrbek-zhamshitov-gurevichtin-bildirs-boyuncha-karala-turgan-zhyjynga-kelgen-zhok



Добавить комментарий