Башкы прокурор Шамиль Атахановдун ордуна Азиз Батукаевдин атын атап алды

27 июнь 2019 11:41 1223 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азиз Батукаевдин Алмазбек Атамбаевге карата көрсөтмөсү  бар экенин бүгүн парламентте башкы прокурор Өткүрбек Джамшитов билдирди.   

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу тууралуу маселени карап жатат. 

Башкы прокурор маалымдагандай, Атамбаев президент болуп турган маалда УКМКнын башчысы Шамиль Атахановго Батукаевди камактан бошотуу тууралуу чараларды кабыл алууну тапшырган.

“Батукаев Атамбаевге түз көрсөтмө берди, бул көрсөтмөнүн көчүрмөлөрү бар” деген башкы прокурор кагаздарды көрсөттү.

Бирок чындыгында бул көрсөтмө Шамиль Атахановдуку экени белгилүү болду, көрсө башкы прокурор Атаханов дейм деп Батукаев деп алганы белгилүү болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-shamil-atahanovdun-orduna-aziz-batukaevdin-atyn-atap-aldy



Добавить комментарий