Башкы прокурор эл акыны Элмирбек Иманалиевди эскерип үйүнө барды

21 сентябрь 2021 11:57 2700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 20-сентябрда бир катар өнөр адамдары жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев КРнын эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерип, үй-бүлөсүнөн кабар алышты. Бул тууралуу журналист Шайырбек Абдрахман социалдык баракчасына маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

“Бүгүн Элмирбек Иманалиев акыныбызды эскердик.Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич мырза үй-бүлөсү менен Элмирбек досубуздун үйүнө келип, бала-чакасынан кабар алып, залкардын элесине багыштап куран окутуп кетти. Агабыз Элмикемдин талантын баалап, анын чыгармаларын аздектеп уккан, деги эле "Айтыш" өнөрүнүн өтө чоң күйөрманы экен. Кыргыз Казак айтыштарын эстеп, асыл сөздүү акындарды тизмектеп айтып отурса кеп баалаган көкүрөгүндөгү көрөңгөсүнө ыраазы болдук! Курманкул ага, Сизге чоң рахмат! Элмирбек досубуздун арбагы ыраазы болсун! Ылайым элибиз аман, жергебиз тынч болсун!”,-деп жазды Шайырбек Абдрахман.

Эскерте кетсек, төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ырчы, обончу катары "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" чыгармалары менен белгилүү болгон. 2020-жылдын 20-апрелинде көз жумган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-el-akyny-elmirbek-imanalievdi-eskerip-jn-bardy



Добавить комментарий