Кыргыз жараны Башкирияда аялды өлтүрүп, сөөгүн кудукка таштап койгон деген шек менен кармалды
Башкирияда адам өлтүрүүгө шектелип Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу “Комсомольская Правда” жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
53 жаштагы Любовь Скачкова Башкириянын Стерлитамак шаарында жеке ишкерлик менен алектенчү. Анын өзүнүн кийим дүкөнү болгон. 2020-жылдын жай айынан бери ал дайынсыз жоголгону кабарланган.
Орусиянын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнүн изине түшкөн. Акыры кылмышка шектүү катары Кыргызстандын К. С. аттуу жараны кармалган. Каза болгон аялга кыргыз жраны товарларды жеткирип берип турган, аял бул кызматы үчүн акча төлөп берген.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя болгон күнү экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Ишкер айым продукциянын сапатына канааттанган эмес, ошондуктан алар баа боюнча бир пикирге келишкен эмес. Оозеки жаңжал мушташка айланып, натыйжада кыргыз жараны аялды муунтуп өлтүрүп, сөөктү кудукка жашырып койгон.
Сөөктөн кутулгандан кийин Уфа аймагына качып кетүүгө үлгүргөн.
Кыргызстандын жараны сотто кылмышын мойнуна алып, үй камагына чыгарууну суранды.
Добавить комментарий ×