Башка паспорт менен Стамбулга кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

25 январь 2019 10:12 1242 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Манас Эл аралык аэропортунан башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учканы аракет кылып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан маалымдашты. 

Анда айтылгандай, текшерүү учурунда жаран жалпы жарандык паспортун көрсөткөн. Шек жараткандыктан дыкаттык менен текшере келгенде, паспорту өзүнүк эмес болуп чыккан. 

Бардык документтер чогултулуп, кармалган жаран тиешелүү УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Ссылка: https://barometr.kg/bashka-pasport-menen-stambulga-ketg-araket-kylgan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий