Башка адамдын паспорту менен чек арадан өтүп бара жаткан КР жараны кармалды

6 август 2018 20:20 1275 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандан Өзбекстанга Ак-Кыя өткөрүү пунктунан башка адамдын паспорту менен өтүп бара жаткан КР жараны кармалды. Бул туурасында чек ара кызматынын маалыматты камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

1985-жылы туулган  Г.М. аттуу КРнын жараны Кыргызстандан Өзбекстандын Шахимардан анклавына өтүп бараткан. Чек ара кызматкерлери жарандын өздүк документтерин текшергенде паспорттогу сүрөттөн айырмачылыктар болгон. ал 1989-жылы туулган М.М тту жарандын паспортун көргөзгөн. Териштирүүдөн кийин жаран туугандарынын бирөөсүнүн паспортун пайдалангандыгын мойнуна алган. 

Кармалган жаранды жергиликтүү аймактагы ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/bashka-adamdyn-pasportu-menen-chek-aradan-tp-bara-zhatkan-kr-zharany-karmaldy



Добавить комментарий