Барселонада 2 292 гүлгө концерт коюлду (Видео)
Бөлүшүү:
Барселонадагы “Лисео”опера театры 3 айлык картинден кийин өз эшиктерин көрүүчүлөргө ачты. Андагы алгачкы концертке 2 292 үй өсүмдүгү күбө болду. Бул тууралуу маалыматты “Медуза” басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.
“Лисеонун” кылдуу оркестры жашыл көрүүчүлөргө Джаккомо Пуччининин “Хризантемы” миниатюрасын ойноп беришти.
Муну менен театр адам менен жаратылыштын байланышына көңүл бургусу келген.
Белгилей кетсек, концерт аягына чыккандан кийин өсүмдүктөр дарыгерлерге белекке берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/barselonada-2-292-glk-koncert-koyuldu-video
Добавить комментарий ×