Банкоматтарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү
Банкоматтарды талкалоо жана акча каражаттарын уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, банкоматтардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдоо негизинен Республиканын аймактарынан жасалып келген. Биринчи факты Талас облусунда катталган. Былтыр 12-декабрда белгисиз адамдар Талас районунун Айыл Өкмөтүнүн имаратына киришип, иш бөлмөдөгү сейфти талкалашып, 31 миң сомдон ашык өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмышкерлер, андан сырткары “Бакай Банк” банкоматынын арткы бөлүгүн талкалашып, 801 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен.
Жалпысынан 833 миң сомдон ашык материалдык зыянга учураткан. Аталган факты РИИбдин кылмыштарды каттоо китепчесине катталып, Кылмыш Жаза Кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, Жети-Өгүз районунун аймагында экинчи банкоматты талкалоо фактысы катталаган. Быйыл 2-февраль күнү кечинде Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында белгисиз адамдар “РСК-банк” банкоматын талкалашып, аны уурдоого аракет кылышкан. Келтирилген чыгым 1 млн сомго бааланууда.
9-февралдан 10-февралга караган түнү Араван районунда жайгашкан “КБ Кыргызстан” банкынын банкоматын белгисиз адамдар ичинде калган 900 миң 300 сом акчаны банкоматты күч колдонуп бузуу менен акчаларды уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык Кодексинин “Уурдоо” беренеси боюнча иликтөөлөр башталган.
Ошондой эле, быйыл 3-мартка караган түнү Ош шаарындагы Филармониянын артында жайгашкан “КБ Кыргызстан” банкынын банкоматын талкалап, банкоматтын ичинен 1 млн 500 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык Кодексинин “Уурдоо” боюнча иликтөөлөр башталган.
12-апрелдин түнүндө Нарын шаарында Драмтеатрдын артында жайгашкан “КБ Кыргызстан” банкынын банкоматын талкалап, банкоматтын ичинен 2 млн 400 миң сом акча каражатын тоноп кетишкен. Ошол эле күнү Нарын шаарында кылмышкерлер “КICВ-банк” банкоматын талкалашып, 2 млн 350 миң сом акча каражатын алып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү “Уурдоо” боюнча иликтөөлөр башталган.
"Ички иштер органдары тарабынан каржы мекемелердин коопсуздугуна коркунучтарды түзгөн уюшкан кылмыштуу топтордун коомдук коркунучтуу иш аракеттерине бөгөт коюшту. ИИМдин ыкчам кызматтары банкоматтарды талкалоого байланышкан бардык кылмыштарга тиешеси бар кылмыштуу топтун изине түшүүгө мүнкүн болгон. Болжолдуу маалымат боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 9 млн ашык сомду түзөт. Кылмыштуу топтордун курамында мурда соттолгондор, аларда кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн колдонулган куралдар жана жабдыктар болгон. Жабдыктар Россиялык өндүрүштөн болгондуктан атайын кызматтарга арналып жасалган баасы 280 миң рублди түзүп, Россиядан алынып келинген",- деп айтылат маалыматта.
Жакында жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар кылмышкерлер кармалган.
Аламүдун районунда жашаган Ош шаарынын 1989-жылы туулган К.А.аттуу тургуну кармалган. Ал мурда “Уурулук” фактысы менен соттолгон.
Кармалган жарандын айдап жүргөн “MITSUBISHI SPACE STAR” үлгүсүндөгү автоунаасын соттун токтомунун негизинде тинтүү жүргүзгөн учурда автоунаасынан жалпы суммасы 990 000 сом акча каражаты табылып, далил буюм катары алынган.
Экинчи шектүү Чүй облусунун 1985-жылы туулган А.К. аттуу жараны кармалып, мурда уурулук, айдап качуу, документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо жана жок кылуу жана башка кылмаштар үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Ал Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Кармоо учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жаран “Lexus-RX330” үлгүсүндөгү автоунаасын айдан жүргөн учурунда кармалган. Аныкталгандай, ал уурдалган акчага автоунаа сатып алып, үйүн ремонттоп жүргөн.
Шектүүнүн үйүнө кароо жүргүзүү учурунда далил буюм катары үйүнөн темир буюмду кесүүчү аспаптар, кислороддук балондор, ок атуучу курал, уюлдук телефондор, сумка чектик китепчелер жана ар кандай эсеп дүмүрчөктөрү башка буюмдар алынган.
Кармалган жарандар жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бары далилденди.
Азыркы учурда кылмышка катышы бар башка шериктери да аныкталып, алардын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bankomattardy-tonop-zhrgn-kylmyshtuu-top-kolgo-tshrld
Добавить комментарий ×