Балыкчыдагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

30 июль 2021 11:51 1978 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Тоң районундагы селден жабыр тарткан аймактагы иштер менен жеринен таанышуу үчүн Ысык-Көл областына жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашканын “Барометр” билдирет.

“Министр жүргүзүлүп жаткан иштерди жеке өзү көзөмөлгө алат. Сел жүргөн аймакта ӨКМнын Тоң районундагы бөлүмүнүн 20 куткаруучусу, Балыкчы шаарындагы бөлүмүнүн 15 куткаруучусу иштеп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Балыкчы шаарына жакын жерде нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, Бишкек-Каракол жолуна зыян келтирген.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/balykchydagy-seldin-kesepetterin-zhoyuu-ishteri-zhrgzld



Добавить комментарий