Балыкчыда катуу шамалдан улам дарактар жулунуп, имараттардын чатырлары учту
Катуу шамал Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Л.Толстой атындагы орто мектептин жана №2 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин складынын чатырларын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Шамал 24-ноябрда саат 23:00 чамасында катталган. Кийинки күнү тактап айтканда 25-ноябрдын түнүндө болжол менен саат 3.00дө кайрадан катуу ылдамдыктагы шамал кайталанган. Шамалдын ылдамдыгы 24-28 метрге жеткен. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. Бирок, айрым турак-жайлардын үстүнө дарактар түбү менен жулунуп кулап калган.
Ссылка: https://barometr.kg/balykchyda-katuu-shamaldan-ulam-daraktar-zhulunup-imarattardyn-chatyrlary-uchtu
Добавить комментарий ×