Балыкчыда катуу шамалдан улам дарактар жулунуп, имараттардын чатырлары учту

26 ноября 2018 10:15 1058 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Катуу шамал Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн,  Л.Толстой атындагы орто мектептин жана  №2  Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин складынын чатырларын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Шамал 24-ноябрда  саат 23:00 чамасында катталган. Кийинки күнү тактап айтканда 25-ноябрдын түнүндө болжол менен саат 3.00дө кайрадан катуу ылдамдыктагы шамал кайталанган. Шамалдын ылдамдыгы 24-28 метрге жеткен. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. Бирок, айрым турак-жайлардын үстүнө дарактар түбү менен жулунуп кулап калган. 



Ссылка: https://barometr.kg/balykchyda-katuu-shamaldan-ulam-daraktar-zhulunup-imarattardyn-chatyrlary-uchtu



Добавить комментарий