Балыкчы-Кочкор трассасында ырчылар каза болгон жол кырсыкта жалгыз тирүү калган бала да көз жумду
Бүгүн Нарындын Кочкор райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө 20 жаштагы Ырыспек Алибеков каза болду. Бул тууралуу анын туугандары “Barometr.kg” сайтына билдирди.
Ырыспек Балыкчы-Кочкор жолундагы ырчылардын өлүмү менен коштолгон каргашалуу жол кырсыгында унаада жалгыз тирүү калган бала болчу. Алибеков Кочкор райондук ооруканасында 11-ноябрдан бери жаткан. Ал консерваторияда үчүнчү курста окуганын, али үйлөнө элек болгонун туугандары билдиришкен.
Маркум кичи мекени Ош облусунун Кара-Суу районунда жерге берилери айтылды.
Эске сала кетели, Алибеков 11-ноябрда Бишкек-Торугарт жолунун 218-чакырымындагы Нарындын Кочкор районунда катталган "Субару Импреза" унаасы менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан кырсыкта оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кырсыкта жеңил унаанын ичиндеги төрт адам ошол жерде жан берген. Ал эми Алибеков оор абалда ооруканага жеткирилген.
Маалым болгондой каза болгондордун арасында маркум акын Майра Керим кызынын уулу акын Акжолтой Канат уулу жубайы менен болгон.
Добавить комментарий ×