«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун жүрүшүндө III-кылымга таандык коргондар табылды
Поделиться в:
«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун 70% бүттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, курулуш мамлекеттик каржылоонун эсебинен курулууда.
"Жыл аягына чейин пландалган 5 чакырымдан тышкары, дагы 3 чакырым темир жол куруу пландалууда
Эң орчунду болгон тилке Боз-Бармак тоосун тешип, каздыруу иштери жүрүдө
Казылган тоо өтмөгүнүн узундугу 600 метр, бийиктиги 17 метр, ал эми үстүнкү катмарынын аралыгы 70 метрди түзөт.
Каздыруу иштеринин жүрүшүндө биздин заманга чейинки III-кылымга таандык коргондар табылып, учурда археологиялык - изилдөө иштери жүрүүдө", -деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан 28 атайын техника, 52 жумушчу тартылган
Добавить комментарий ×