“Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун курулушу качан башталат?

26 октябрь 2021 15:02 1732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун курулушу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, кечээ “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев менен “Кытайдын темир жолу №3 инженердик корпорациясы” компаниясынын делегация башчысы Дзен Линбонун жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушу жана башка долбоорлор тууралуу талкуулашты.

“Иш сапардын алкагында Кыргыз темир жолунун Бишкек - Кайынды, Бишкек-Балыкчы участокторун делегацияга тааныштыруу, техникалык документтерди изилдөө пландалган”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, сентябрь айында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын менен “Кытайдын темир жолу №3 инженердик корпорациясы” компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-kochkor-kara-keche-temir-zholunun-kurulushu-kachan-bashtalat



Добавить комментарий