Балбак Түлөбаев: Ысык-Көлдө курорттук зоналардын ээлерин "коркутуп, опузалап жатат" деген жалган (видео)
Өкмөттүн өкүлү Балбак Түлөбаев соцтармактарга желдей таркап жаткан Ысык-Көлдө жаштар бир катар пансионаттарды басып алып, опузалап жатыптыр деген сөздөргө жооп берди. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына калтырган видео кайрылуусуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Ысык-Көлдө курорттук зоналарда жаштар ар-кандай талаптарды коюп “коркутуп жатат” деген сөздөр жалган. Учурда облус боюнча абал тынч. Башында чагымчыл күчтөр ошондой кадамдарга барышкан. Бүгүнтөн баштап Ысык-Көл облусунун райондорун кыдырам. Ошол жерден баардык райондордун тургундары менен жолугуп, ачык сүйлөшөм. Пансионат ээлерине да кайрылам коркпоңуздар, сабырдуу болуңуздар, биздин эл да түшүнүп турат. Чагымчыл күчтөргө барбай, мыйзамга баш ийет. Ал эми соцтармакка эски видеолорду жарыялап жаткандар, алардын максаты элди бөлүп-жарып, башаламандык уюштуруу. Андай күчтөргө барбаңыздар. Сиздерден өтүнөм, баары жакшы болот”, -деген кайрылуу жолдоду ал.
Добавить комментарий ×