Москвада Кыргызстандык келин баласын төрөп, аны чөктүрүп өлтүргөн соң таштандыга ыргыткан

6 июнь 2020 14:26 7499 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада Кыргызстандык келин баласын төрөп, аны чөктүрүп өлтүргөн. Доктурларды баласы өлүк төрөлдү деп алдоого аракет кылган.

“360” берген маалыматка таянсак, ооруканага 21 жаштагы келин 2-июнда төрөтү эрте башталгандан кийин келип түшкөн.

Москва тергөө комитетинин Москвадагы башкармалыгынын басма сөз кызматы, аял медициналык мекемеге барып, өлгөн түйүлдүктү төрөгөнүн айткан. Бирок соттук-медициналык экспертиза наристенин өлүмүнүн чыныгы себебин аныктаган.

Ошол эле күнү, эртең менен кош бойлуулуктун жетинчи айындагы келин төрөп, баланы сууга толгон ваннага салып өлтүргөн.

Баланын денеси Луковицкая көчөсүндөгү таштандыдан табылган. "360" булагынын билдиргенине караганда, өлүмдүн себеби таза сууга чөгүү болгон.

Чөгүп кеткен ымыркайдын энеси кармалып, ага карата алсыз абалда баланы өлтүргөндүгү боюнча кылмыш иши козголду. Ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/balasyn-trp-any-chktrp-ltrgn-kyrgyzstandyk-kelin-moskvada-dokturlardy-aldoogo-araket-kylgan



Добавить комментарий