Баланын тырмагын тиштегилөөсүнө эмне себеп?
Психологдордун айтымында, баланын ар бир жаман адаты – анын психологиялык жабыркоосунун белгиси. Тырмак тиштегилөө көбүнчө бала бакчага же мектепке жаңыдан барган балдарда көп кездешет. Бала бул учурда жаңы шарттарга көнө албай эмоциясын тырмагын тиштегилөө аркылуу чыгарат. Андан сырткары үйдө дайым уруш-талаш боло берсе да бала аны көтөрө албай психикасы жабыркайт. Бул тууралуу психологдордун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Мына ошондо стресс болгонун тырмагын тиштегилөө аркылуу билдирет. Баланын тырмагын тиштегилөөсүнө компьютер, телевизор да себеп болот. Анткени бала экран алдында отурганда агрессиядан улам нерв болуп, колун оозуна сала берет, бирок аны өзү байкабайт. Натыйжада эмоционалдык агрессиядан чыгуу үчүн тырмагын тиштегилейт.
Зыяндуулугу: Тырмагын тиштегилөөдөн улам баланын тиштеринин эмалы жабыркап, колу жана тырмак алдындагы микробдордон ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн.
Кантип арылуу керек?
– Балаңыздын тырмагын тез-тезден алып, колун тазалап жууп туруңуз.
– Баланын колун бош койбоңуз, тагыраагы, колун оозуна салбашы үчүн оюнчуктарды карматып коюңуз.
– Тырмагын тиштегилей баштаганда алаканы менен кулактарын жаап-ачып же кол чаап ойнотуңуз. Бул ыкманы жасоо менен бала колун оозуна салганды унутат.
– Тырмагын тиштегилөөдөн кандай оору пайда болушун айтып, курттун сүрөтүн көрсөтүп “тырмагыңды тиштесең, ичиңде ушундай нерсе пайда болот” деп түшүндүрүңүз.
Ссылка: https://barometr.kg/balanyn-tyrmagyn-tishtegilsn-emne
Добавить комментарий ×